Алмазбек Атамбаевди кармап кетишти

7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетишти. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдирди.

Атамбаевдин үйүнө бараткан аскерлердин жоон тобу. Кой-Таштагы сүрөттөр
Бүгүн, 8-августта, саат 16:30дар чамасында Кой-Ташта Атамбаев менен милиция кызматкерлеринин кайтадан кагылышуусу башталганы айтылган. Укук коргоо органдары көздөн жаш агызуучу газды жана катуу үн чыгаруучу граната колдонууда. Ал эми Атамбаевдин тарапташтары милиционерлер тарапка таш жана бензин куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан.

7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 50дөн ашык киши жаракат алып, бир спецназ жоокер каза болгон.