Аксыда май куюучу жайдын кызматкери катуу сабалган видео тарады

Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак сабагандардын арасында милиционер бар экендигин айткан болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. "Короче" Telegram-каналына Жалал-Абад облусундагы май куюучу жайдын кызматкери сабалган видео жүктөлдү.

Окуя тууралуу 3-августта белгилүү болгон. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак эркек киши Аксы районунда сабалганын айтып берген. Анын айтымында, буга чейин жабырлануучу менен кол көтөргөндөрдүн биринин ортосунда пикир келишпестик чыгып, экөө ортодогу маселени чечүү үчүн жолугушкан.

Учурда кылмыш иши козголуп, милиция ички иликтөө жүргүзүп жатат. Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматы жабырлануучу "Аксы ИИБинин Нуку аттуу кызматкери сабады" деп арыз жазганын билдирди. Аты аталган адам милицияда иштей турганын тастыктап, бул боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын кошумчалашты.