Путин Кой-Таштагы кырдаал боюнча кабардар болду

Путин соңку кабарларды калтырбай, окуяга көз салып жатканы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо иши тууралуу маалымат алды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Президент Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасында болуп жаткан окуя тууралуу кабардар болду", — дешти өлкө башчынын маалымат кызматынан.

Путин соңку кабарларды калтырбай, окуяга көз салып жатканы айтылат.

Бүгүн, 7-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө атайын кызматтын аскерлери бастырып киришкен. Операция учурунда ок атылып, бир нече киши жаракат алган. Алардын айрымдары ооруканага жеткирилген. УКМК элге карата желим ок чыгарылганын билдирди.