Ошто көпүрөнүн алдындагы башаламан соода түйүндөрү алынды. Сүрөт

Жалпысынан 50гө жакын жеңил типтеги соода түйүндөр алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн астындагы башаламан соода түйүндөр алынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Калаа башчысы Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасы менен Жеке турак жай курулуш, турак жай маселелери жана жер пайдалануу департаменти көпүрөнүн алдындагы башаламан жайгашкан соода түйүндөрдү иретке келтирүү иштерин жүргүздү.

Департаменттин башчысы Таймураз Исакжановдун айтымында, 50гө жакын жеңил типтеги соода түйүндөр алынган. Алардын ээлерине буга чейин бир нече жолу эскертүүлөр берилген.

Калаанын көчөлөрүн иретке келтирүү иштери улантылат.