Миграциянын кыргызстандык аялдарга тийгизген терс таасири айтылды

Форумга ар кыл өлкөлөрдөгү кыргызстандык диаспоралардын өкүлдөрү катышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандык мигранттардын 60 пайызын кыз-келиндер түзөт. Бул тууралуу Екатеринбургдагы "Кыргызстан - Урал" коомдук уюмунун мүчөсү Гүлшан Дөөлөнбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып айтты.

Эшимов: үйүн туугандарына жаздырып, сызга отурган мекендештер көп
Белгилей кетсек, 2-августта Кыргызстанда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышуу боюнча кеңештин биринчи жыйыны болуп өттү. Форумга дүйнө өлкөлөрүндө иш алып барган кыргызстандык диаспоралардын өкүлдөрү келген.

Дөөлөнбаеванын айтымында, иш-чарада экономикалык кырдаал жана инвестиция тартуу жаатында көбүрөөк кеп болгону менен миграциядагы аялдардын маселеси курч бойдон калууда.

"Кыргызстандык мигранттардын 60 пайызын кыз-келиндер түзөт. Алардын арасында кош бойлуулар, көп балалуулар, өспүрүм кыздар, жалгыз бой аялдар бар. Миграциядан улам алардын ден соолугу жабыркап жатат, ажырашуулар көбөйдү, ВИЧ, кургак учук сыяктуу ооруларды жуктуруп алгандар арбыды", — деди Дөөлөнбаева.

Ал Россияда саламаттыкты сактоо тармагында иштегендиктен, үй-бүлөсү же жумушундагы жетекчиси тарабынан зордук-зомбулукка кабылып, ооруканага кайрылган кыргызстандык кыз-келиндерди күнүгө кезиктире турганын кошумчалады.