Министрлик Кой-Ташта бир адам каза болду деген маалымат боюнча үн катты

Буга чейин айрым ЖМКлар бир адам каза болгону туурасында жазган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министрлиги Кой-Таштагы атышуудан бир адам каза болду деген маалыматты төгүндөдү.

Билдирмеге караганда, учурда дарыгерлердин бригадасы окуя болгон жерде нөөмөттө турат. Алар да мертингендер бар деген маалыматты четке какканы айтылат.

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары тосмону талкалап үйгө киришти. Сүрөт
Эскерте кетсек, буга чейин айрым ЖМКлар бир адам каза болгону туурасында жазган.

Соңку расмий маалымат боюнча, 10 адам жаракат алып ооруканага түшкөн. Ал эми бир спецназ жоокерине үйдүн ичинен атылган ок тийип, бронежилетин тешип өткөнү кабарланган.

Бүгүн, 7-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө атайын кызматтын аскерлери басып киришкен. Операция учурунда ок атылып, бир нече киши жаракат алган. Алардын айрымдары ооруканага жеткирилген. УКМК элге карата желим ок чыгарылганын билдирди.