Ысык-Көлгө келген биринчи поезддин тарыхы. Эл көрө элек сүрөттөр

Sputnik

Бишкек — Ош жолунун курулушунда эмне сыр катылган? Өлкөдөгү трассалардын тарыхы
Соңку жүз жылда 400 чакырымдан ашуун темир жол багыты салынган. Жол курууга миңдеген жарандар катышкан. Темир жолдун курулушунан улам жүз миңдеген киши купе жана плацкарттык вагондор менен Кыргызстанга келген.

Бүгүнкү күндө кыргыз темир жолу жыл сайын 7 миллион жүк ташыйт. Ишканада 5 миң киши эмгектенет. "Кыргыз темир жолу" таза кирешеси боюнча мамлекеттик ишканалардын арасында алдыңкы сапта, 2018-жылы бул компания казынаны жүздөгөн миллион сомго байыткан. Sputnik Кыргызстан бул түрмөгүндө өлкөнүн ири темир жол ишканасынын тарыхындагы урунттуу учурлар тартылган кызык кадрларды топтоду.

1 / 24
Кант — Балыкчы темир жолунун курулушу. 1948-жыл
2 / 24
Темир жол кызматкери дөңгөлөктөрдүн жешилип-жешилбегенин текшерип жүрөт. 1951-жыл
3 / 24
Пишпек вагон депосунун маляр-трафаретчиси. 1954-жыл
4 / 24
Боом капчыгайында автомобиль поездден озуп баратат. 1957-жыл
5 / 24
Боом капчыгайындагы темир жол жана автотрасса. 1957-жыл
6 / 24
Пишпек станциясынын локомотивдик депосунун багыттоочу кызматкери. 1967-жыл
7 / 24
Балыкчыдагы товардык станциянын жалпы көрүнүшү. 1963-жыл
8 / 24
Көк-Мойнок өрөөнүндөгү темир жол полотносу. 1958-жыл
9 / 24
Фрунзе локомотивдик депосунун машинисти Садык Молдокматов. 1972-жыл
10 / 24
Жолго аттанар алдында. 1985-жыл
11 / 24
Балыкчыдагы жаңы темир жолдун көрүнүшү. 1987-жыл
12 / 24
Көк-Жаңгак шахтасынын жүк салуучу бункерлери менен байланыштырчу электровоз. 1963-жыл
13 / 24
Балыкчы станциясындагы айыл чарба машиналарын түшүрүү. 1966-жыл
14 / 24
Балыкчы станциясындагы алдыңкы жумушчулар. 1966-жыл
15 / 24
Пишпек темир жол станциясынын жалпы көрүнүшү. 1965-жыл
16 / 24
Быстровка — Балыкчы темир жол тилкесинин бийикте иштөөчү жумушчулары. 1969-жыл
17 / 24
Быстровка — Балыкчы темир жолунун жанаша кеткен тилкеси. 1969-жыл
18 / 24
Фрунзе темир жол вокзалынын фельдшерлери Гайдай жана Ромашова бейтап жүргүнчүнү көтөрүп баратышат. 1973-жыл
19 / 24
Боом капчыгайындагы темир жол тилкеси. 1969-жыл
20 / 24
Фрунзе темир жол вокзалынын 1966-жылдагы көрүнүшү
21 / 24
Станциядан жүргүнчү поездинин жөнөтүлүшү. 1978-жыл
22 / 24
Темир жол вокзалынын имаратынын тышкы көрүнүшү. 1976-жыл
23 / 24
Алма-Ата темир жолунун Фрунзе бөлүмүнүн Пишпек станциясынын локомотивдик депосу. 1983-жыл
24 / 24
Токмок станциясынан Балыкчыга бет алган биринчи поезд. 1948-жыл