Бишкектин чок ортосунда Range Rover менен тез жардам унаасы кагышты. Видео

Кырсыктан Тез жардамдын үч кызматкери жабыркаган.
Sputnik

Бишкектин Манас жана Чүй проспектилеринин кесилишинде Range Rover үлгүсүндөгү жолтандабас менен тез жардам унаасы кагышты. Бул туурасында күбө WhatsApp-канал аркылуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлап, кырсык болгон жерден тартылган видеону жиберди.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын аталган фактынын тастыктап, окуя 6-августта саат 22.00дөр чамасында болгонун билдирди.

"Тез жардам унаасы батыш тараптан Чүй проспектиси менен келе жаткан, ал эми жолтандабас чыгыш тараптан бараткан. Медиктердин унаасы Манас проспектисине бурулуп жатканда Range Rover менен кагышкан. Тез жардамдын үч кызматкери ооруканага жаткырылды", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Автоунаалар айып короого киргизилди.