УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев ок жеди

Жаракат алган жети адамды Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келишкени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев жаракат алды. Бул туурасында Тез жардам кызматындагы булактар билдиришти.

Сегизбаевдин санына желим ок тийип, Тез жардам кызматына кайрылган. Учурда анын абалы туруктуу экени айтылат.

Ок атылып, Атамбаевди калкалап алып кетишкени видеого түшүп калган
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги саат 21.50дө жаракат алган жети адамды Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келишкенин маалымдады.

Мындан сырткары, Кой-Ташта убактылуу медициналык пункт түзүлдү. Керектүү учурда жардам көрсөтүүгө дарыгерлер даяр турат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүүдө. Бул жактан соңку маалыматтарды, сүрөт, видеолорду көрө аласыздар.