БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Ташкентте туристик полициянын кызматкерлери ишке киришкенин Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.
Facebook колдонуучулары арасында электросамокат менен кыдырып жүргөн туристтик полициянын эки кызматкеринин сүрөтү талкууга түштү.
Эске салсак, март айында президент Шавкат Мирзиёев туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча концепцияны ишке ашыруу боюнча токтомго кол койгон. Ал эми июнда Ташкент шаардык милициясында Туризм коопсуздугу боюнча башкармалык түзүлгөн. Азыркы тапта 10 кызматкер ишке киришти, сентябрь айына чейин кызматкерлердин санын 40тан ашыруу пландалууда.
Туристтик полицияда иштегендер үчүн атайын өзүнчө форма тигилген. Ошондой эле скутер, мотоцикл, автоунаа жана автобус менен камсыздалат. Алар калаага келген туристтерге жардам берип, коопсуздугун камсыздайт.
Ал эми Кыргызстанда өткөн жылдын аягында Туристтик милиция түзүлгөн.