Сары-Челек көлүндө скутер менен моторлуу кайыктарга тыюу салынды

Мындан ары көлдөн балык кармоого да болбой турганы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Жаратылышты коргоо максатында Сары-Челек көлүнүн жээгиндеги пирс алынды. Бул туурасында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мындан тышкары, агенттиктин чечими менен флора менен фаунаны, биологиялык ар түрдүүлүктү жана өзгөчө корголгон жаратылыш аймактарын сактоо максатында моторлуу кайык, скутерлерде сейилдөөгө жана көлдөн балык кармоого тыюу салынганы айтылат. 

Сары-Челек көлүндө скутер менен моторлуу кайыктарга тыюу салынды

Белгилей кетсек, 2016-жылы 17-июлда Сары-Челек жаратылыш коругу ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

Коруктун аянты 23,8 миң чарчы метр, анын ичинен көлдүн аянты 492 чарчы метрди түзөт. Анда 40тай сүт эмүүчү жаныбардын, 175тен ашык канаттуулардын жана балыктын 5 түрүн кезиктирүүгө болот. Ошондой эле өсүмдүктүн 1200дөн ашык түрү бар.