Гомосексуалдарды жарнамалаганы үчүн "Кока-Колага" бойкот жарыяланмакчы

Венгрияда бир жыныстагы жуптардын "Шекери жок, эч кандай жаман ой жок" деген жазуусу бар сүрөтү менен жарнамалар пайда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Венгрияда гомосексуалдар менен чыгарган жарнамасынан кийин "Кока-Кола" компаниясынын продукциясын бойкот кылууга чакырышты. Бул туурасында Reuters жазып чыкты.

Дарыгерлер сууну көп ичүүнүн зыянын айтып беришти
Бийликтегилердин айтымында, мындай жол менен компания бир жыныстагылардын мамилесин жайылтып жатат. Жарнамалар өлкөдө музыкалык фестивалдын алдында илинген. Сүрөттө эркек кишилер жана "Шекери жок, эч кандай жаман ой жок" деген жазуу көрүнүп турат. Мындай реклама суусундук сүйүүчүлөрдүн жана саясатчылардын ачуусуна тийген. "Фидес — Венгердик жарандык союз" партиясы бир жыныстуу никеге каршы чыгып келгени айтылат.

Партиянын өкүлү Иштван Болдог "Кока-Кола" компаниясынын суусундугун жарнамасы үчүн убактылуу бойкот кылууга чакырган. Социалдык тармактарда рекламалык постерлерди алууну талап кылган петиция дагы пайда болгон. Алар гомосексуалдардын таасири балдарга, үй-бүлөгө жана коомго тийишинен кооптонгон.