Кымыздан ооз тийгизип, тушоо кесишти. Жоокерлерге кыргыз маданияты көрсөтүлдү

Россияда өтүп жаткан эл аралык аскер оюндарына 39 өлкөдөн келген жоокерлер катышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Россияда Коргоо министрлигинин демилгеси менен өтүп жаткан "Аскер оюндарынын" алкагында кыргыз элинин улуттук буюмдарынын көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Генералдык штабы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара "Алабино" полигонунун Достук үйүндө жана Тюмень шаарында тартууланды.

"Көргөзмөдө башка өлкөлөрдүн жоокерлери үчүн улуттук оюндар уюштурулуп, концерттик программа тартууланды. Мындан тышкары, дасторкон жайылып, улуттук даам, суусундуктар коюлду. Ошондой эле кыргыздын мукам үндүү ырчыларынын аткаруусундагы ырлар, элдик күүлөр ойнолду. Иш-чарада тушоо кесүү салты көрсөтүлүп, ага чет өлкөлүктөр да катышты. Натыйжада Өзбекстан жана Кытайдын өкүлдөрү жеңишке жетип, белекке ээ болушту", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган иш-чарада кыргызстандык жоокерлерге Россиядагы мекендештер күйөрмандык кылышкан.

Оштун жаш футболчулары Кытайдагы эл аралык турнирге катышууда
Буга чейин Россия, Өзбекстан, Пакистан, Монголия, Кытай мамлекеттери да өздөрүнүн улуттук тамак-аштарын тартуулашкан.

Россияда өтүп жаткан эл аралык аскер оюндарына 39 өлкөдөн келген 223 команда катышууда. Анын ичиндеги Абхазия, Иордания, Камбоджа, Мали, Мозамбик, Шри-Ланка жана Түштүк Осетия биринчи жолу келди. Франция, АКШ, Словакия, Түркия жана Мексика байкоочуларын жөнөткөн. Оюндардын алкагында танк биатлону өтүп, Кыргызстан жакшы жыйынтык көрсөтүүдө.