Радио

Дамир уулу: Kyrgyz Tourism Awards – 2019 сынагына анкеталар кабыл алынууда

Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу аталган сынак жыл сайын өткөрүлүп келерин айтты.
Sputnik
Дамир уулу: Kyrgyz Tourism Awards – 2019 сынагына анкеталар кабыл алынууда

Ар жылы Кыргызстанда Kyrgyz Tourism Awards аталышындагы сынак өтүп келет. Былтыр гана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу болбой калган. Бул тууралуу Максат Дамир уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган сынакка катышуу жол-жобосу мекеменин расмий сайтында кенен көрсөтүлгөн.

"Бул сынак туризм багытындагы ишкерлерге көңүл буруу, аларга стимул берүү иретинде жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйыл дагы 27-сентябрь Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө карата өтмөкчү. Анда эң мыкты конок үйү, мыкты гид, мыкты эс алуучу жайлар аныкталып, жеңүүчүлөргө сыйлык жана кызыктыруучу белектер тапшырылат. Ал эми акчалай сыйлык каралган эмес. Каалагандар биздин мекемеге келип анкета толтуруп же расмий сайтыбыз аркылуу катышса болот", — деди Дамир уулу.

Ал документтер 20-сентябрга чейин кабыл алынарын кошумчалады.