Кытайда Путиндин кружкасын текчеге койдурбай талап кетишүүдө. Видео

Россия президенти Владимир Путиндин ысыкты сактоочу кружкасын кытайлыктар катуу жактырып, эки жумадан бери текчеге тургузбай талап кетип жатышат.
Sputnik

Владимир Путин Японияда өткөн G20 саммитине өзүнүн ысыкты термокружкасын ала барып, көпчүлүктүн көңүлүн бурдурган.

Мындан улам кытай ишкерлери Путиндикиндей кружкаларды чагырууну чечип, ал тургай жакында интернет дүкөндөрдүн бирине сатыкка койду. Ошентип эки жума ичинде Россияныны герби тартылган ак кружкаларга суроо-талап күчөдү.

"Кытайда Россия президенти Путин абдан популярдуу. G20 саммитиндеги жаңылыктарды карап жатып, президенттин кружкасы дароо көзүмө урунду. Өз ден соолугуна ушунчалык кам көргөнү жакты. Андан соң ушул кружканы копия кылууну чечтим. Кытайлыктар бир аз болсо дагы өздөрүн кумирине жакыныраак сезип калсын деп ойлодук", — деди Мень Бо аттуу ишкер.

Эске салсак, G20 саммити 28-29-июнь күндөрү Япониянын Осака шаарында өткөн.