Кызыл-Ордодо кырсыктап каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгү алып келинди

1-августта Казакстанда Мersedes үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Toyota Estima кагышып, кыргызстандыктар жабыркаган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Казакстандын Кызыл-Ордо облусундагы жол кырсыгынан каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгү мекенине алып келинди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ал эми жаракат алган үч киши Кармакшинск райондук ооруканасында дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат. Жакында аларды Кызыл-Ордо облустук ооруканасына которуу маселеси каралууда.

Бишкектин четинде автоунаа жөө адамды өлтүрө сүзүп, оодарылып калды. Видео
Тышкы иштер министрлиги мекендештердин саламаттыгына жана жол кырсыгы боюнча козголгон кылмыш иштин тергелишине көз салып турары кабарланды. Ошондой эле Алматыдагы башкы консулдуктун кызматкерлери кырсык болгон жерге барып иштин чоо-жайын тактаганы кошумчаланат.

Эскерте кетсек, кайгылуу окуя 1-августта болгон. Мersedes үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Toyota Estima кагышып, минивэндеги кыргызстандыктар жабыркаган. Натыйжада беш адам каза таап, үчөө ооруканага жеткирилген.