Бажы кызматына жаңы жетекчи келди. Ал ким?

Буга чейинки жетекчи Оңолбеков өз ыктыяры менен кызматтан кеткен болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы жетекчиси болуп Алтынбек Торутаев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бажы кызматына жаңы жетекчи келди. Ал ким?

Ал буга чейин Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген.

Торутаев өз ыктыяры менен кызматтан кеткен Алмаз Оңолбековдун ордуна келди.