Дордойдо чыккан өрт 14 сааттан кийин толук өчүрүлдү

Алдын ала маалымат боюнча, тилсиз жоо 1,5 миң чарчы метрди жалмаган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Дордой-1 конушундагы кампадан кечээ, 4-августта, чыккан өрт 14-сааттан кийин толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, өрт бүгүн саат 10:14тө толук өчүрүлгөн.

Өрт тууралуу билдирүү 4-августта саат 19:45те түшүп, Дордой-1 конушундагы №10 кампа күйүп жатканы маалымдалган.

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө "Тазалык" ишканасынын суу ташыган беш автоунаасы да тартылган. Андан сырткары, Тез жардам кызматынын бир унаасы менен 40ка жакын милиционер кол кабыш кылган.

Дордойдо чыккан өрт 14 сааттан кийин толук өчүрүлдү

Алдын ала маалымат боюнча, тилсиз жоо 1,5 миң чарчы метрди жалмаган.