Дордойдогу кампадан кечээ чыккан өрт өчүрүлө элек

Алдын ала маалымат боюнча, тилсиз жоо 1,5 миң чарчы метрди жалмаган. Учурда өрттү толук өчүрүү аракеттери көрүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Дордой-1 жаңы конушунда жайгашкан тиричилик техникасы сакталган кампадан чыккан өрт толук өчүрүлө элек. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Учурда кырсык болгон жерде өрт өчүрүүчү алты машина иштеп жатат.

Өрт тууралуу билдирүү 4-августта саат 19:45те түшүп, Дордой-1 конушундагы №10 кампа күйүп жатканы маалымдалган.

Дордойдогу кампадан кечээ чыккан өрт өчүрүлө элек

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө "Тазалык" ишканасынын беш суу ташыган автоунаасы да тартылган. Андан сырткары, Тез жардам кызматынын бир унаасы менен 40ка жакын милиционер кол кабыш кылган.

Алдын ала маалымат боюнча, тилсиз жоо 1,5 миң чарчы метрди жалмаган. Учурда өрттү толук өчүрүү аракеттери көрүлүүдө.