Бишкекте үч эркек киши 5 жашар баланы энесинин колунан жула качты. Сүрөт

Шектүүлөр Volkswagen Vento үлгүсүндөгү автоунаага отуруп, из жашырууга аракет кылышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкекте энесинин колунан 5 жашар баласын жула качып, автоунаа менен изин жашырууга аракет кылган үч эркек киши кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Бишкекте үч эркек киши 5 жашар баланы энесинин колунан жула качты. Сүрөт

Ага ылайык, окуя бүгүн, 5-августта, кечинде Бишкектин Рыскулов менен Темирязев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Милицияга саат 19:35те баланы белгисиз кишилер кара түстөгү унаага күч менен салып кеткени боюнча маалымат түшкөн.

Бишкекте үч эркек киши 5 жашар баланы энесинин колунан жула качты. Сүрөт

"Аталган факты боюнча ЖКККББнын Бишкек шаары менен Чүй облусу боюнча жеке курамы тартылган. "Перехват" планы ишке киргизилген. Укук коргоо органдарынын биргелешкен аракети жана "Коопсуз шаардын" камераларынын жардамы менен жарым саат ичинде шектүүлөр бараткан Volkswagen Vento автоунаа машина базар жактан кармалган. Анын ичинде үч киши жана 5 жашар бала болгон. Алар Таласка бараткан", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандар Бишкек ШИИБдин криминалдык милиция кызматына өткөрүп берилди.