Муфтий Меккеге барып ажылыктын жүрүшү менен таанышты

Сауд Аравия быйыл Кыргызстанга 6010 квота бөлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабынын мүчөлөрү менен жолугушуп, иштин жүрүшү боюнча жеринде таанышты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Муфтий ажылар үчүн кызмат кылуу жоопкерчиликтүү иш экендигин айтып, быйылкы жылдагы ажылык ишинде Сауд Аравиянын Ажылык министрлиги койгон талаптардын бардыгы аткарылууга тийиш экендигин айтты.

"Ажыларга коопсуздук, санитардык маселелер тууралуу, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө көчүү эрежелерин жакшылап түшүндүрүү керек. Ошондой эле аларга жолдо жүрүү эрежелерин, Мина өрөөнүндө өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча атайын түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп туруу зарыл", — деди Токтомушев.

Эске салсак, кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 16-июлдан 17-июлга караган түнү Бишкек — Медина багыты боюнча учуп кеткен. Жалпысынан Бишкек менен Оштон 18 каттам уюштурулган.

Сауд Аравия быйыл Кыргызстанга 6010 квота бөлгөнү маалым.