Дордой жактагы кампа эмнеден күйүп, өрт канча жерди жалмаганы айтылды

Билдирүү саат 19.45те түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Дордой-1 конушундагы өрт тиричилик техника сакталган кампадан чыкканын ӨКМ билдирди.

Белгилей кетсек, кырсык тууралуу алгач социалдык тармактардан белгилүү болгон. ӨКМ өрт жөнүндөгү билдирүү саат 19.45те түшкөнүн, кырсык болгон жерге төрт өрт өчүрүүчү унаа жөнөтүлгөнүн айткан.

Алдын ала маалымат боюнча, өрт чалган жердин аянты 1,5 миң чарчы метрди түзөт.