ӨКМ: Дордойдогу өрт чектөөгө алынды

Кырсык эмнеден чыкканы азырынча белгисиз.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Дордой-1 конушундагы тиричилик техникасы сакталган кампадан чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Белгилей кетсек, кырсык тууралуу алгач социалдык тармактардан белгилүү болгон. ӨКМ өрт жөнүндөгү билдирүү саат 19.45те түшкөнүн, кырсык болгон жерге алты өрт өчүрүүчү унаа жөнөтүлгөнүн айткан.

Маалыматка ылайык, болжол менен 1,5 миң чарчы метр аянт жер күйгөн. Кырсык эмнеден чыкканы азырынча белгисиз. Өрт чалган жерде милиция кызматкерлери да иштөөдө.

“Саат 21.53тө өрт чектөгө алынды”, — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ кошумча маалымат берилерин белгиледи.