Жеңилбес Акжол Сулайманбек уулунун кийинки беттеши кайда болору айтылды

Кыргызстандык боксчу рингде 15-беттешин өткөрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Акжол Сулайманбек уулу профессионалдык бокстагы кийинки беттешин 24-августта Челябинск (Россия) шаарында өткөрөт. Бул туурасында мелдешти уюштуруп жаткан RCC Boxing Promotions уюмунун ВКонтакте баракчасында жарыяланган.

КР мушкери бир да беттеш өткөрбөй туруп Россиядагы турнирди жеңип алды
Азырынча кыргызстандык спортчунун атаандашы белгисиз экендиги айтылат.

Акжол Сулайманбек уулу 2016-жылдан бери Екатеринбург шаарында профессионалдык бокс боюнча спорттук карьерасын улантып келет. Жалпысынан 14 беттешти утуп, бир да ирет жеңилген эмес. WBA Asia чемпиондук курун тагынып, аны үч жолу коргоого жетишкен.

Боксчунун спорттогу жолу жана үй-бүлөсү тууралуу маекти Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган макаладан окуй аласыздар.