Тизеси менен "учкан" мушкер атаандашын аңтара тепти. Беттештин видеосу

Атаандашын тизеси менен сулата тепкен учур турнирдеги эң кызыктуу ирмемдердин бири болуп калды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. ММА мушкери Аалон Круз "Дана Уайтка талапкерлер" шоусунда каршылашы Стивен Нгуенага оор сокку узатып, UFC уюму менен келишим түзүүгө жетишти.

Беттештин видеосу UFC уюмунун Twitter-аккаунтуна жарыяланды.

Октагонго көптөн бери чыга элек 40 жаштагы мушкер каршылашын сулата чапты. Видео
Жеңил салмак категориясы боюнча чыккан 29 жаштагы мушкер биринчи раунд соңуна чыгайын деп калганда секирип барып атаандашын тизе менен бетке тепкен. Мындай нокаут турнирдин эң эле кызыктуу ирмеми болуп калды.

Муну көрүп отурган Уайт дароо кол жаңсап, келишимге кол коюуга дардыгын билдирген.

"Дана Уайтка талапкерлер" (Dana White"s Contender Series) — бул данектүү мушкерлерге UFC уюмуна чыгууга баштапкы аянтчаны түзүп берет. Ал уюмга жаңы таланттарды табуу максатында ачылган.