Сибирдин токоюндагы өрттү өчүрүүгө 10 миң адам, 3000дей техника тартылды

Өрттөнүп жаткан токойдун аянты эки миллион гектардан ашканы кабарланды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Сибирдеги жана Ыраакы Чыгыштагы токойдон чыккан ири өрттү өчүрүү үчүн 10 миң адам жана 3 миңге чукул техника тартылды. Бул туурасында РИА Новости https://ria.ru/20190803/1557136526.html Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянуу менен билдирди.

Маалыматта тилсиз жоо менен кармашууга 2800 техника тартылса, анын 70и аба кемеси экени айтылат. Өткөн суткада ӨКМдин 12 тик учагы өрттүн очогуна 993 тонна суу алып барып чачкан.

Күнүнө 35-40 өрт кырсыгы катталууда. ӨКМ элди этият болууга чакырды
Ал эми ыкчам чара көрүү боюнча аэромобилдик топтун курамында 526 адам жана 19 техника даяр турганы маалымдалды.

Токойдогу өрттөн чыккан түтүн Сибирь менен Ыраакы Чыгыштын беш регионундагы 600дөн ашуун калктуу конушту каптаган. Атап айтканда, Буратия, Якутия, Забайкалье жана Красноярск крайларында кырдаал оор болуп жатканы белгиленет. Ал эми Иркутск облусунун 13 районунун 177 эл жашаган аймагы түтүнгө чулганган. Ар кандай кырдаалга даяр болуу үчүн медициналык кызматтар күнү-түнү иштеп жатат.

Ал эми күйүп жаткан токойдун жалпы аянты эки миллион гектардан ашканы кабарланды.