Сауд Аравиянын аялдарына өз алдынча саякаттоого уруксат берилди

Эми аялдар чет жакка чыгууга паспорт алуу үчүн өз алдынча эле документтерди тапшыра алат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Сауд Аравиянын аялдарына чет жакка өз алдынча саякаттоого уруксат берилди. Бул тууралуу Saudi Gazette басылмасы жазды.

Эми аялдар чет жакка чыгууга паспорт алуу үчүн өз алдынча эле документтерди тапшыра алат. Учурда Сауд Аравиясында өлкөдөн чыга турган 21 жашка чыга элек уландардын жанында чоң киши болушу керек. Ал эми кыз-келиндерди күйөөлөрү же эркек бир туугандарынын коштоп жүрүүсү шарт.

"Чет жакка чыгууга паспорт алуу үчүн документ тапшырган ар бир жаран мыйзамда каралган шартта паспортун ала алат", — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Сауд Аравия былтыр аялдарга машина айдоого уруксат берген болчу.