Милиция 17 жаштагы Айтажи Нуматованы издеп жатат. Сүрөт

Айтажи 18-июль күнү үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери дайынсыз жоголгон Айтажи Нуматованы издеп жатканын облустук ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Милиция 17 жаштагы Айтажи Нуматованы издеп жатат. Сүрөт

Кашка-Терек айылынын 17 жаштагы жашоочусу 18-июлда үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, толугураак, сол колунда тырык бар. Үстүнө көк көйнөк, бутунда жеңил бут кийим (босоножка), сумкасы жана анын ичинде ачык жана кара түстөгү көйнөктөрү бар болгон.

Милиция Айтажини көрүп же ал тууралуу маалымат угуп калса (3233) 5-06-36, (0778) 48-63-58, (0553) 88-88-92 жана 102 телефон номерлерине чалууну суранат.