"Манас" аба майданынан учкан учакта ымыркай чарчап калды

Наристе бир жарым ай мурда төрөлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Pegasus Airlines компаниясынын Бишкек — Стамбул багыты боюнча учкан учагында бир жарым айлык ымыркай чарчап калды. Бул туурасында "Манас" эл аралык аба майданынын маалымат кызматынан билдиришти.

Алты жашар балага арак берип өлтүрдү деп шектелген киши кармалды
Учак саат 8:50 учуп чыгып, бир нече убакыттан кийин капитан жүргүнчүлөрдүн бири өзүн жаман сезип жатат деп "Манас" аэропортуна кайра конууга уруксат сураган. Саат 10:16да учак конуп, баланы аэропорттун дарыгерлери менен Бишкектин Тез жардам медицина борборунун кызматкерлери карап, ал чарчап калганын аныкташкан.

Аэропорттогу ишенимдүү кишинин айтымында, ымыркайды ата-энеси медициналык текшерүүгө алып бара жаткан. Бала өзүн жаман сезип баштаганда учак Казакстандын аба чек арасынан өтүп калган.

"Манаска" кайтып келген учак кайра учуп кеткен.