Кытайлык хоккейчилер музда жапырт мушташа кетишти. Видео

Мушташтан кийин Гонконгдун Хоккей ассоциациясы үч оюнчуну бир жылга дисквалификациялаган
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кытайда хоккей турниринин алкагында Гонконг менен Шэньчжен командаларынын оюнчулары муз үстүндө мушташа кетишкенин РИА Новости жазды. 

​Шэньчжендиктер белгисиз себептер менен атаандаштарына кол салып сабай баштаган. Чатакташа кеткендерди калыстар араң ажыраткан.

Кикбоксчу рингде жан берип, улакчылар мушташып... Кыргыз спортундагы чуулар
Мушташтан кийин Гонконгдун Хоккей ассоциациясы үч оюнчуну бир жылга дисквалификациялаганы белгилүү болду. Жетекчилик мындай окуя экинчи кайталанбай турганын ишендирүүдө.

Оюнчулардын эч кимиси олуттуу жаракат алган эмес.