Эң начар жана эң мыкты иштеген мамлекеттик органдар аталды. Тизме

Индекс +100 жана –100 баллдык шкала менен эсептелет.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандыктар 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен мамлекеттик органдардын ишине баа берди.

Кыргызстандыктар коррупцияга белчесинен баткан органдарды атады. Тизме
Ал тууралуу Улуттук статистика комитети жарыялаган "Аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө баа берүү" индексинде көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, индекс +100 жана –100 баллдык шкала менен эсептелет.

Жарандөр төмөнкү мамлекеттик органдар эң начар иштейт деп эсептейт (тизмеге жергиликтүү бийлик органдары кошулган жок):

— Экономика министрлиги (18 балл);

— Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы (17,4);

— Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (16,6);

— Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (11,4);

— Мамлекеттик бажы кызматы (11,1).

Ал эми элдин пикири боюнча мыкты иштейт деп табылгандар:

— Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (47,2 балл);

— Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети (45,6);

— Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги (43,9);

— Маданият, маалымат жана туризм министрлиги (41,1);

— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (38,7).