Радио

Исхакова: өлкөдө эмизүү боюнча дүйнө жумалыгы белгилене баштады

Биринчи Май райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисинин орун басары Диляра Исхакова аталган жумалык Кыргызстанда гана эмес, бир топ мамлекеттерде уюштурулуп келерин айтты.
Sputnik
Исхакова: өлкөдө эмизүү боюнча дүйнө жумалыгы белгилене баштады

1-9-август күндөрү Кыргызстанда эмизүү боюнча дүйнө жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Диляра Исхакова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул аралыкта кыз-келиндерге эне сүтүнүн маанилүүлүгү тууралуу маалыматтар кенен берилмекчи.

"Мындай жумалык бизде гана эмес, дүйнө жүзү боюнча бир топ өлкөлөрдө белгиленип келет. Быйылкы иш-чаранын девизи — ата-эненин укугун жана мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, эмчек эмизүүгө шарт түзүү. Эмчек эмген бала менен эненин ортосунда жакындык сезим пайда болуп, мээримдүүлүктүн көп жылга сакталышы күтүлөт. Төрөттөн кийин баланы энеси дароо эмизсе азыраак ыйлап, тез чоңоёт. Белгиленип жаткан жумалыктын катышуучулары эне сүтүнүн пайдасы тууралуу жана туура эмизүүнүн эрежелерин үйрөнө алат", — деди Исхакова.

Ал ошондой эле жаңы төрөлгөн балага суу бербеш керектигин жана эмчек эмген балага алты айдан тарта кошумча тамак бере баштаса болорун кошумчалады.