Чүй менен Бишкектин айрым жерлеринде төрт күн газ жок болот

Төрт күндүн ичинде компания кызматкерлери калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым аймактарында оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу эки күнгө газ жок болот. Бул тууралуу "Газпром" ишканасынан билдиришти.

Суу ресурстарын эми жаңы агенттик тескемей болду
Ага ылайык, газ берүү 5-9-августта Бишкек шаарынын "Ницца" шаарчасында жана "Бишкекглавпекарня" №3/1 көчөсүндө токтотулат.

Ошондой эле 5-6-августта Люксембург айылынын Центральная көчөсүндө, 7-августта саат 8:30-17:00го чейин Сокулук айылынын Торговая көчөсүндө берилбей турганы айтылды.

Билдирмеде оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатканы кошумчаланган.