Бишкекте Чоң Чүй каналына автоунаа түшүп кетти. Кырсыктын сүрөт, видеосу

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы айдоочунун аман экенин билдирди. Сууга түшүп кеткен автоунаа табылды.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Бишкекте Осмонкул көчөсүнөн өткөн Чоң Чүй каналына автоунаа түшүп кетти. Кырсыктын сүрөтүн күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналы аркылуу жиберди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы айдоочу аман экенин билдирди. Сууга түшүп кеткен автоунаа табылды. Аны атайын техниканын жардамы менен суудан алып чыгышат.

Кырсыктын видеосу "Короче" Телеграмм-каналына жарыяланды.

Видеодон каналдын ортосунан айдоочуну жээкке алып чыгууга аракет кылып жаткан суучулду көрүүгө болот.