Бразилиялык чемпион кыз Валентина Шевченкого чакырык таштайт

27 жаштагы бразилиялык мушкер кыз бүгүнкү күнү UFC уюмунун эң жеңил салмак категориясында чемпион болуп саналат.
Sputnik

БИШКЕК, 2 авг — Sputnik. Жессика Андраде кыргызстандык мушкер кыз Валентина Шевченко менен беттешүү ниетин билдирди. Бул тууралуу BJPenn.com порталы жазды.

"Аны менен беттешким келет. Эгер мен үчүн абдан маанилүү болуп жаткан кийинки беттеште жеңишке жетсем, анда Шевченкого чакырык ташташым ыктымал", — деди бразилиялык чемпион.

UFC уюму казакстандык мушкер менен алгачкы келишим түздү. Ал Өзбекстанда туулган
Белгилей кетсек, Андраде 31-августта Кытайда Вейли Жанг аттуу мушкер кыз менен октагонго чыгат. Бул анын биринчи жолу өз титулун коргогон мелдеши болуп калмакчы.

"Шевченко өз салмак категориясында эң мыкты. Бул мен үчүн да жакшы сыноо болмок, өзүмдү байкап көргүм келет. Эгер курумду коргоп калсам, аны менен беттешүүгө мүмкүндүк сурайм. UFC уюмунун эки дивизиону боюнча чемпион болгум келет", — деди Андраде.

27 жаштагы бразилиялык мушкер кыз май айында өткөн Рио-де-Жанейродогу UFC 237 мелдешинде жеңишке жеткен. Атаандашы Роуз Намаюнасты техникалык нокаут менен утуп алган.