Айсулуу Тыныбекова Польшадагы эл аралык турнирде күчүн сынайт

Турнир 2-4-август күндөрү Варшава шаарында өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова XXIII эл аралык Poland Open турнирине катышат. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Ага ылайык, турнир 2-4-август күндөрү Варшава (Польша) шаарында өтөт. Мелдеште өлкө атынан 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова катышмакчы. Спортчуну машыктыруучусу Нурбек Изабеков коштоп барат.

Айсулуу Тыныбекова килемде чимирилгенде... Балбандын машыккан видеосу
Командага Спорт агенттигинин олимпиадалык спорт боюнча дирекциясы тарабынан 212 миң сом каралган.

Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандагы балбан кыздардын сап башында турат. Чоңдор арасында Азиянын үч жолку чемпиону. 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадада бешинчи орунду алган. Ошондой эле Азия оюндары жана Ислам тилектештиги оюндарында чемпиондукту багындырган. 2017-жылы Дүйнө чемпионатынан коло алган. КРдин эмгек сиңирген спортчусу, эл аралык класстагы спорт чебери. Даңк медалынын ээси.