Абдыкалык Рустамов менен жардамчысы эки айга камалды

Аткаминерлер пара алып жаткан жеринен кармалган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов менен жардамчысы УКМКнын тергөө абагына эки айга - 1-октябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан кабарлашты.

Сындан башы чыкпай... Пара менен кармалган Рустамовдун алешем иштери
Рустамов менен жардамчысы 31-июлда пара алып жаткан жеринен кармалган болчу. УКМК кийин аткаминерлерди кармоо учурунда тартылган видеону жарыялаган.

Кармалган кызматкерлер чет элдик жаранга Ананьево айылындагы Ысык-Көл токой чарбасынын жер фондунан беш гектар жер берүү маселесин оң жагынан чечип берүү үчүн пара талап кылышкан. Аларды тинтүү учурунда ар биринин жанынан 1000 доллардан чыккан.