БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Синоптиктердин тараткан билдирүүсү боюнча, Кыргызстанда адаттан тыш ысык сакталат.
Маалыматка ылайык, 2-3-август күндөрү күн өзгөчө ысыйт. Чүйдө күндүзгү температура 37...39 градуска чейин барса, түштүк тарапта 39-41 градуска жетет.
6-9-август күндөрү Чүй, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +38...+40, Таласта +36...+38 градуска чейин көтөрүлөт.
Ал эми Ысык-Көл, Нарын жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен менен Оштун тоолуу аймактарында өткүн өтүшү мүмкүн экени болжолдонду.