Тарпы чыккан бензовоз. Оштогу май куюучу жайдагы өрттүн кесепети сүрөттө

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы бүгүн кырсык болгон жерге барып, өрттүн кесепетин сүрөткө тартып келди.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Ош шаарында 31-июлда саат 22.10дор чамасында Red Petroleum май куюучу жайында бензовоз күйүп кеткен.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы бүгүн кырсык болгон жерге барып, өрттүн кесепетин сүрөткө түшүрүп келди. Кадрдан май ташыган унаанын сөлөкөтү эле калып, арткы тарабы такыр эле күйүп түшүп калганын көрүүгө болот.

Ошто жарылуу болгон май куюучу жай тергөө бүтө электе кайра иштеп баштады
Өрт чыккан станция Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында жайгашканы белгилүү болду. Кырсыктын кесепетинен электр зымдары үзүлүп, Учар айылы жарыксыз калганын жергиликтүү жашоочулар билдирди. Азыркы тапта Ош жогорку электр тармагы ишканасынын кызматкерлери аларды калыбына келтирип жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Нурбек Баймуратов 10 тонналык бензовоз станцияга май куюп жатканда өрт чыгып, унаа жарылып кеткенин билдирген. Жалын май сактаган цистерналарына жеткен эмес.

Бактыга жараша, жаракат алгандар болгон жок.