Ош: май куюучу жайдагы өрт боюнча кылмыш иши козголду

Учурда өрт чыккан станцияда иштеген кызматкерлер сурак берип жатат.
Sputnik

ОШ, 1-авг. – Sputnik. Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан май куюучу жайда катталган жарылуу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облустук милициянын маалымат кызматынын өкүлү Нурпери Абдуллаева билдирди.

Учурда Кара-Суу райондук милициясы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп, станцияда иштеген кызматкерлер сурак берип жатышат.

"Кара-Суу райондук милициясына күйүүчү май куюучу жайдагы өрт боюнча саат 22.30да маалымат түшкөн. Ыкчам тергөө тобу барганда станцияга май ташыган автоунаа күйүп жаткандыгы белгилүү болгон. Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 261-беренеси («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») боюнча катталды. Атайын техникалык экспертиза дайындалды", — деп айтылат маалыматта.

Ошто жарылуу болгон май куюучу жай тергөө бүтө электе кайра иштеп баштады
Эскерте кетсек, 31-июлда саат 22.10дор чамасында Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Учар айылында жайгашкан Red Petroleum май куюучу жайдан өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын башчысы Нурбек Баймуратов 10 тонналык бензовоз станцияга май куюп жатканда өрт чыгып, унаа жарылып кеткенин билдирген. Жалын май сактаган цистерналарга жеткен эмес.

Бактыга жараша, кырсыктын кесепетинен жаракат алгандар болгон эмес. Өрт өчүрүү кызматынын 13 унаасы тартылып, жалын саат 23:10до чектөөгө алынган.