Радио

Турусбеков: Көлдөгү моторлуу кайык ээлери техникалык маданиятты билбейт

"Бир Бол" фракциясынын депутаты Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдө моторлуу кайыктарды колдонууга мыйзам долбоорунун негизинде тыюу салынышы керектигин айтты.
Sputnik
Турусбеков: Көлдөгү моторлуу кайык ээлери техникалык маданиятты билбейт

Ысык-Көлдүн булгануусунан бир топ балыктын түрлөрү жок болуп кетти. Мындай пикирин Бактыбек Турусбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кайыктарды иштетип жаткандар техникалык маданиятты билишпейт.

"Ысык-Көл — биздин берметибиз. Аны сактоо боюнча буга чейин бир топ мыйзам долбоорлор жазылган. Бүгүнкү күндө моторлуу кайыктар абдан көбөйүп кетти. Аларды колдонууга мыйзам долбоорунун негизинде тыюу салынышы керек. Анткени кайыктардын көпчүлүгү СССРден калган, экологиялык жактан таза эмес. Майлары көлгө агып, сууну булгап жатат. Бул кайыктарды таптакыр алып салуу деген сөз эмес. Азыр заманбап техниканын өнүккөн маалы. Ошон үчүн экологиялык жактан таза, сууга эч кандай зыян алып келбей турган кайыктарды иштетип деле акча тапса болот", — деди Турусбеков.

Ошондой эле депутат мыйзам долбоору иштелип чыгып калса, жалпы элдин колдоосу керек экенин кошумчалады.