Кызы менен тең болуп... 49 жаштагы кытайлык актрисанын укмуштуудай сүрөтү

Бул сүрөттөн актрисанын берилген күйөрмандары гана кимиси кызы, кимиси апасы экенин айырмалай алат.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Интернетте кытай актрисасы Чингми Яу менен 18 жаштагы кызынын сүрөтү катуу талкууланып жатат. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Фото Instagram социалдык тармагына жарыяланган. Негизи сүрөткө актриса кызы менен 2017-жылы түшкөн, бирок коомчулукка эми гана көрсөтүлдү. Ал Кытайдын Weibo деген социалдык тармагында бат эле тарап, андан соң дүйнөлүк медиага жайылып кеткен. Бул сүрөттөн актрисанын берилген күйөрмандары гана кимиси кызы, кимиси апасы экенин айырмалай алат.

Соцтармак тайвандык мугалимдин сулуулугуна суктанууда. Сүрөт
Чингми Яу өз убагында абдан белгилүү болгону айтылат. 80-жылдардан тарта көп убакытка чейин өлкөнүн эң сексуалдуу айымы аталып жүргөн. Ал "Шаардык аңчы", "Кызыл ажыдаар жөнүндө баян" тасмаларына тартылган.

Чингминин сүрөтү Кытайдын ар бир экинчи жарнама тактасында илинип турчу. 1999-жылы актриса турмушка чыгып, убактысын үй-бүлөгө бөлүп, карьерасын токтотуп койгон.