ТИМ: кыргызстандыктардын Ирактагы балдарын кайтарууну көздөп жатабыз

ЮНИСЕФ жетекчиси кыргыз тараптын бул демилгесин өтө жылуу кабыл алганын жана аны колдоого даяр экенин билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кыргызстандыктардын Ирак мамлекетиндеги балдарын кайтарып алуу өтө маанилүү процесс экенин белгиледи.

Кыргызстан менен АКШ мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтаруу тууралуу сүйлөштү
ТИМдин маалымат кызматы кабарлагандай, министр БУУнун Балдар фондусунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы жаңы жетекчиси Кристин Жольмду кабыл алды. Ал өзүнүн аталган кызматка дайындалышы боюнча ишеним грамотасын Айдарбековго тапшырды.

Тараптар Кыргызстан менен ЮНИСЕФтин кызматташуусунун келечектүү багыттарын, өзгөчө балдардын укугун жана кызыкчылыгын коргоого арналган долбоорлорду талкуулашты.

Ошондой эле Айдарбеков кыргызстандыктардын Иракта калган балдарын кайтарып алуу зарылдыгын баса белгиледи.

"Биз өлкөнүн тиешелүү органдары менен бул иш боюнча иштеп жатабыз. Балдар кырдаалдын курмандыгы болбошу керек. Бул маселе боюнча ЮНИСЕФтин жардамына ишеним артылат", — деди Айдарбеков.

Жольм айым кыргыз тараптын бул демилгесин өтө жылуу кабыл алганын жана аны колдоого даяр экенин билдирди.

Ал балдарды кайтаруу жана кайрадан коомго аралаштыруу боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен таанышып көрөрүн кошумчалады.