Кыргызстан менен Өзбекстанды эмне байланыштырып турат. Саресеп

Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосунда айрым келишпестиктер болуп келгенине карабастан, маданий байланышы гана тургай, экономикалык жактан да жакын. Эки өлкө бири-биринен эмнелерге көз каранды экендиги тууралуу Sputnik Кыргызстандын макаласынан окуңуздар.
Sputnik

Бүгүн, 1-августта, Кыргызстанга жумушчу сапары менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди. Эки тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чек ара жана экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулайт.

Кыргызстан жана Өзбекстан узун чек арага ээ, ал 1378 чакырымга созулат. Эки өлкөнүн калкы арасында да маданияттан экономикага чейинки орток нерселер оголе арбын. 

Кыргызстан менен Өзбекстанды эмне байланыштырып турат. Саресеп

Транспорттук өз ара байланыш

Бир топ жыл илгери Оштон Баткенге жетүү үчүн Өзбекстандын аймагын аралап өтүүгө туура келчү. Азыр айланма жолдор салынып, Өзбекстан менен мамиле да жакшырып, транспорттук маселелер чечилди. Ошондой эле жакында өзбекстандыктар Стамбулга эки баскычта: Ош аркылуу Бишкекке жана борбор калаабыздан түрк мегаполисине каттай тургандыгы белгилүү болду. Себеби мындай сапар Ташкенттен учууга караганда жолоочуларга арзан түшөт. Президент Сооронбай Жээнбековдон ишкерлер Ош — Стамбул түз каттамын ачуу тууралуу Түркия тарап менен сүйлөшүүнү өтүнүшкөн. Өзбекстан жана Тажикстандын бизге чектеш облустарынын ишкерлери бул каттам менен көп учушмак, ал эми бул КР экономикасына артыкчылык алып келмек.

Ошондой эле өлкөлөр Ташкент — Анжиян — Ош — Эркечтам — Кашкар эл аралык каттамын ачуу аракетинде

Мындан тышкары, туристтик сезон маалында Ысык-Көлгө Ташкенттен учактар каттап, Ташкент — Бишкек — Балыкчы багыты боюнча поезд жүрөт

Анклав жана эксклавдар

Манаста төрөлүп, энесинен эрте ажыраган... Шавкат Мирзиёев тууралуу 8 факты
Жол боюнча кеп козголгондо анклавдарды унуткара албайбыз. Кыргызстандын аймагында өзбекстандык эки анклав — Сох менен Шахимардан жайгашкан, бул аймактарда он миңдеген эл жашайт. Кыргызстандын Барак эксклавы Өзбекстандын территориясында. Ошондой эле Чарбак сымал Өзбекстандын аймагындагы кыргызстандык бир нече кыштак тоо кыркаларынан улам калган бөлүгү менен Сохтун территориясы аркылуу гана байланыша алат.

Анклавдардын тургундары үчүн, албетте, саясий туруктуулук маселеси өтө маанилүү.

Чек аралар

Жогоруда айтылгандай, кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1373 чакырымды түзөт. Бир нече жыл мурун алардын 1058 чакырымы такталган. Бирок былтыр эки өлкөнүн президенттери чек аранын 85 пайызын сызууну чечишкен. Бүгүнкү күндө чек аранын 92 пайызы такталып, 10 тилке талаштуу бойдон калууда. Жер тилкелери менен алмашуу маселеси каралган эмес.

Суу жана энергетика

Бул - эки өлкө арасындагы татаал маселелердин бири. Кыргызстан жана Тажикстан Борбордук Азиянын чоң дарыялары Амударыя жана Сырдарыянын башында жайгашкан, Сырдарыянын негизги куймасы болуп Нарын дайрасы эсептелет. Өзбекстан жана Казакстан суу этегинде турат. Эки өлкө ортосундагы суу маселеси энергетикалык тармагыбызга да таасир этет. Жайында Өзбекстанда сугат иштери башталганда сууну коё берүү кээде Кыргызстанга пайдасыз, себеби электр энергиясын керектөө кескин көтөрүлгөн кыш мезгилинде Токтогул ГЭСи аны иштеп чыгара алгыдай көлөмдө суу сактагычка топтоо зарыл. Былтыр эки өлкө өз ара кызыкчылыктар корголо тургандай так эсептин негизинде Борбор Азиянын чек аралар аралык дайраларынын суу-энергетикалык ресурстарын рационалдуу пайдалануу маселелеринде биргеликте аракет көрүүгө даяр экендигин тастыкташкан.

Жээнбеков Рахмон экөө чек арадагы эл менен кантип жолукту. Сүрөт-репортаж
Өзбекстан Ислам Каримов башкарып турган убакта Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна каршылыгынан эч жазган эмес. Ал тургай, ал суу маселесинен улам аймактык чырлар тутанышы мүмкүн экендигин да айткан. Бирок 2017-жылы өлкөнүн азыркы башчысы Шавкат Мирзиёев Бишкекке болгон мамлекеттик сапарында долбоордун курулушу зарыл экендигин белгилөө менен анын ишке ашырылышына катышууга макулдугун билдирген. Долбоор алигиче башталбаса да ГЭСтин курулушунун башкы каршы тарабы оюн өзгөрткөн.

Кыргызстан негизинен электр энергиясын өлкөнүн түштүгүндө өндүрөт, ал эми керектөөчүлөрдүн басымдуу бөлүгү түндүктө. Пайдалануучуларга киловатт-сааттар Өзбекстан, андан кийин Казакстан аркылуу транзит менен жеткирилчү. Бул  Борбордук Азиянын бириккен энерготутуму деп аталчу. Өзбекстан ал тутумдан чыга тургандыгын көп айткан, бул Кыргызстанды энерготуңгуюкка кептемек. Бирок "Датка-Кемин" ЭӨЧ жана ушундай эле аталыштагы подстанциялардын курулушу менен КР бир топ жыл мурун энергетикалык көз карандылыкты жойгон.

Газ маселеси да көйгөй жаратып келген, "Кыргызгаз" Газпром тарабынан сатып алынганы Өзбекстан 2014-жылы өлкөнүн түштүгүнө газ берүүнү токтоткон. Суунун аздыгы Кыргызстандын энерготармагын катуу аксатып, өлкө жарыкты импорттоого мажбур болгон.

Ошол эле 2014-жылдын аягында газ берүү кайра жанданган.

Соода

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, былтыр Өзбекстанга 158,5 миллион долларлык товар экспорттолсо, 178 миллион долларлык товар импорттолгон.

Калк

Кыргызстанда жана Өзбекстанда көптөгөн тургундар бири-бирине тууган болушат. Маселен, быйылкы жылга карата жасалган билдирүүдө КРде 940 миң өзбек тектүү эл жашары айтылган. Ал эми алты жыл мурунку маалыматка ылайык, Өзбекстанды 422 миң кыргыз жерлеген.

Инвестиция жана жумушчу күчү

Кыргызстан тыгыз соода кылган 10 мамлекет. Алты жылда рейтинг кандай өзгөрдү
Кыргызстанга былтыркы жылы Өзбекстандан түз инвестиция түрүндө 1,8 миллион доллар келген. Ал эми 2017-жылы бир миллион долларга аз каражат тартылган. Ошондой эле Кыргызстанда ачылып жаткан бир катар өзбекстандык компаниялар бар. Маселен, кир жуугуч машиналарды куроо боюнча ири заводу. Белгилей кетсек, Кыргызстанга көбүнесе Өзбекстандан бизнес эмес, жумушчу күчү келет. Кыргызстанда 100 миңдин тегерегинде өзбекстандык мигрант иштейт.

Мегадолбоорлор

Кыргызстан менен Өзбекстан Кытайдын ири долбоорлоруна катышууга ниеткер. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр 20 жылдан бери уланып келет. Мында каржылоо жана жолдун туурасы сыяктуу эки көйгөй бар. Алсак, Кытайда темир жол эл аралык стандартка туура келсе, Кыргызстанда ал совет доорунан калган. Бул жолду курууга кызыкдар экенин Сооронбай Жээнбеков да, Шавкат Мирзиёев да бир нече ирет жар салышкан