Чүйдө жарым жылдан бери өспүрүм изделүүдө. Сүрөтү

Окуучу февралдын башында мектептен чыккан боюнча келген эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Чүй облусунда 16 жаштагы Марлен Раимбеков изделип жатканын аймактын ИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Чүйдө жарым жылдан бери өспүрүм изделүүдө. Сүрөтү

Өспүрүм Жаңы-Жер айылында жашаган. 2-февралда ал Сокулук районундагы мектептен чыккан боюнча дайынсыз болууда.

Белгилери: бою 160-165 сантиметр, арык чырай, көзү кара жана ичке, чачы кара.

Милиция баланы көрүп-билгендер болсо төмөнкү номерлерге байланышып коюуну өтүнүшөт.

  • (0312) 60-75-67 — Сокулук райондук ички иштер бөлүмү;
  • (0709) 35-35-29, (0558) 86-14-86 — Криминалдык милиция кызматынын издөө бөлүмү;
  • 102.