Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Бишкекке келди. Сүрөт

Коңшу өлкөнүн өкмөт башчысын вице-премьер Жеңиш Разаков тосуп алды.
Sputnik

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов иш сапары менен Кыргызстанга келгенин өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Бишкекке келди. Сүрөт

Эмомали Рахмон Ысык-Көлгө келди
Коңшу өлкөнүн өкмөт башчысын "Манас" эл аралык аэропортунан вице-премьер Жеңиш Разаков тосуп алды.

Жумушчу сапарынын алкагында Абдулла Арипов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат. Мындан тышкары, аны президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алмакчы.