БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү 3-7-август күндөрү өтө турган "Аравт-2019" ат марафонуна катышуу үчүн Монголияда машыгуудан өтүп жатышат. Бул тууралуу Генералдык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-июль күнү аталган өлкөгө Мамлекеттик чек ара кызматы менен кургактагы аскерлер жөнөп кетишкен. Учурда даярдык кызуу жүрүүдө.
"Конкурстун шарты боюнча сынакты өткөргөн тарап бардык катышуучуларды ат, ок атуучу куралдар менен камсыз кылат. Ал эми ат жабдууларын катыша турган тарап өзү менен кошо ала барышы керек. Мындан тышкары, Монголия аскерлердин даярдануусуна бардык шартты түзүп берүү милдетин алган. Марафонго даярдануу үчүн 14 күн каралып, бул аралыкта катышуучулар Монголиянын климатына жана жылкыларына көнүшү керек", — деп айтылат билдирүүдө.
"Аравт" монгол тилинен 10 деген санды туюндуруп, Чыңгыз хандын 10 баатырынын кошууну менен байланыштырылат. Монголиянын демилгеси менен өтө турган конкурс атчан аскерлер кавалериясынын жаңы сынагы болуп эсептелет.
Марафонго даярдык көрүүнүн алкагында катышуучулар Монголиянын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик техникасы менен таанышып чыкканы айтылат.