Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги "Тибиртке" рубрикасынын алкагында жаңы кесиптердин аталышын жана алардын көрсөткөн кызматын жазды.
Брейдер — чачты өргөн адис, чачтарач;
Барбершоп — эркектин чачын, сакал-мурутун тегиздеп, жасалгалап берген адам;
Брокер — далдалчы. Соода-сатык, ишкерлик жаатында ортомчу адам. Сатуучу менен кардарды табыштырып, баалуу кагаздар менен иш алып барат;
SMM — чечмелениши Social Media Marketing же социалдык тармактагы маркетинг. SMM-адистери компаниянын ишин социалдык тармактарда жайылтуу менен алектенет;
Event-менеджер — иш-чаралардын уюштуруучусу;
HR-менеджер — кардарлар бөлүмүнүн кызматкери. Жумушчуларды ишке алуу жана аларды өнүктүрүү менен алектенет;
Доула — грек тилинен которгондо "күң, кызматкер" дегенди түшүндүрөт. Боюнда бар аялдарга төрөткө чейин жана төрөттөн кийин психологиялык колдоо көрсөтөт;
IT-адис — жогорку маалыматтык технологиялар жаатында иш алып барган адам;
Бильд-редактор — сүрөт редактору. Адатта агенттиктерде сүрөт тандоо, аларды жайгаштыруу менен алектенишет;
Нейл-мастер — колу-буттун тырмактарын кооздоп боёгон чебер;
Лешмейкер — кирпик кошуу боюнча адис;
Бьюти-блогер — булар модель эмес. Социалдык тармактар аркылуу сулуу болуу, өзүңө кам көрүү тууралуу постторду жазышат же видео сабактарды жүктөп турушат;
Ресепшн — мейманканаларда кардарларды кабыл алуучу;
Web-master — интернет сайтты түзүп, тиркемелерди ойлоп табат;
Web-дизайнер — интернет сайтты жасалгалайт;
Гид — туристтерге жер көрсөткөн адам. Ал бир нече тилди, тарыхты билүүсү маанилүү;
Ютубер — YouTube видеохостингинде активдүү иш алып барган адам;
Лайф-коуч — популярдуу кесиптердин бири болуп саналат. Ал турмуштук маселелер жана кырдаалдар боюнча кеңеш берип, жашоону кызыктуу кылууга көмөк көрсөтөт;
Пиццмейкер, пиццайоло — пицца жасаган чеберди аташат;
Парфюмер — атыр чыгарган компаниянын кызматкери, сатуучу жана жыттардын ойлоп табуучусу.