Багы жок элдин баатыры көп! Салижан Жигитовдун кеп казынасы

Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Бул ирет кыргыздын көрүнүктүү адабиятчысы Салижан Жигитовдун учкай кептерин тартуулайбыз. Улуулардын учкул кептерин көкүрөккө түйүп алгыла!
Sputnik

Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Көлдүк айылында туулган. Анын алгачкы ырлары, сын макалалары 1950-жылдардан тарта чыга баштаган. Ырлары сезимталдыгы, ачык-айрымдыгы менен өзгөчөлөнөт. Ал көркөм пародиянын да чебери болгон.

Жалгыз устун үй көтөрбөйт. Түгөлбай Сыдыкбековдун кеп казынасы
1971-жылы "Ыймандай сырым менин" аттуу алгачкы ыр жыйнагы жарык көрөт. "Ырлар жана жылдар" (1972), "Жаңычылык жолунда" (1975), "Көркөм сөз маселелери" (1982), "Кечээкинин сабактары, бүгүнкүнүн талаптары" (1990) аттуу адабий сын макалалар жыйнактары бар. Жигитов кыргыз элинин тарыхындагы алгачкы көп томдуу улуттук-универсал энциклопедияны чыгарууга, энциклопедиялык стилдин калыптанышына зор эмгек сиңирген. Өткөн мезгилдеги өлкөнүн коомдук саясий турмушунун орчун маселелери жөнүндө макалаларды, ошону менен катар адабият тарыхын жаңыча талдап-түшүнүүгө арналган бир нече эмгек жазган.

"Күн тууду" ("Ит икаясы") повестинин автору. Ал Антуан де Сент-Экзюпери, Назым Хикмет, Мустай Каримдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Салижан Жигитовдун учкул сөздөрү:

Улут болуу үчүн уруучулукту унутуш керек.

***

Адабиятка аралашкан киши түз жүрүш керек.

***

Багы жок элдин баатыры көп.

***

Биздин интеллигенциянын көзү желкесинде болуп атпайбы, көз деген маңдайда болушу керек.

***

Кыргыз туулса да азап, катын алса да азап, өлсө да азап.

***

Биздин чоңдордун баары байлык, бийликтен түшкөндө "суудан" кургак чыгышат.

***

Улуу элбиз деп мактанып, бакыра бербей, бизден кыйын элдердин этегине эрмешип, тилин, иштегенин үйрөнүп оокат кылышыбыз керек.

* * *

Кыргыз китеп жазса эле тарыхта калам деп ойлойт.

***

Кибиреген калктын мыкты кишиси болгончо, килейген калктын орточо кишиси болгон артык.

***

Өмүрдүн чыныгы баркы, бактысы да ишенимде! Айтматовдун учкул кептери
Чынында да мен идеалдуу же өрнөктүү дегидей өмүр сүрө алганым жок. Нускалуу өмүр сүргөнгө реалдуу турмуштан, коомдук шарттардан, көбүрөөк жеке өзүмдөн акылга жетиштүү бай эместигим, элеттик (провинциалдык) түшүнүктөрүм, ыкшоолугум, көп коёндун артынан кубалай бергеним, дагы башка өксүк жактарым жолтоо кылды окшобойбу. Ата-энем мени жакшы эле адамдык данек менен жараткан экен, а данектен дүпүйгөн чынардай бакыбат дарак өнүп-өсүп чыккан жок, жапалак арчадай бирдеме өсүп тим болду белем.

***

Эгер билим алуу чын эле "ийне менен кудук казгандай" татаал болсо, күндүр-түндүр талыкпаган мээнет талап кылса, кыргыздын көбү окуудан жаа бою качмак.