Альтернативдик кызмат өтөгөн аскерлер Бишкектин көчөлөрүн шыпырат

Мындай билдирүүнү Биринчи Май районунун башчысы жыйын учурунда тараткан.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Альтернативдик негизде кызмат өтөгөн аскерлер Бишкектин көчөлөрүн шыпыра тургандыгын шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аскерге чакырылгандарды Биринчи Май районунун аймагында коомдук иштерге тартышат. Мындай билдирүүнү жыйында район башчысы Алибек Биримкулов тараткан.

Аскерге барбай альтернативдик кызмат өтөгөн ар бир адам борбордун көчөлөрүндө 108 саат иштеп бериши керек экендиги айтылды.